Жаңылыктар
15.09.2024 18:23
Кароолор: 492
БИШКЕК: ТИЛСИЗ ЖООДОН 4 УНАА САКТАЛЫП КАЛДЫ
Өрт саат 18:03тө толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 350 ч.м.түзгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн чатырынын 150ч.м. жана 200ч.м темир менен жабылган бастырма, 4 контейнер, бир унаа толугу менен күйгөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 1 контейнер жана 4 унаа өрттөн сакталып калды.
Такталган маалыматка ылайык кырсыктан жабыркагандар жок.
Маалым болгондой бүгүн, Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Өргө конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:19дан тарта жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС- БОРБОР