Жаңылыктар

18.06.2024 13:44

   Кароолор: 419

БИШКЕК: ТИЛСИЗ ЖООДОН 1 АДАМ КУТКАРЫЛЫП, 30 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды.

Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланган.

Тилсиз жоо саат 13:34тө чектөөгө алынды.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу