Жаңылыктар
15.11.2023 13:29
Кароолор: 606
БИШКЕК: ТЕМИР ЖОЛ ООРУКАНАСЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн, 15-ноябрда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Крылов көчөсүндө жайгашкан Темир жол ооруканасында өрт- тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Машыгуунун алкагында ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери, өрт коопсуздугу, эвакуациялоо ыкмалары тууралуу ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттары менен туура колдонуу ыкмалары көргөзүлүп, өрткө каршы ички крандарынын суу басымдары текшерилип, машыгуу өткөрүштү.
Машыгуунун жүрүшүндө оорукананын кызматкерлери жана бейтаптар 27 адам эвакуацияланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР