Жаңылыктар
07.03.2025 16:18
Кароолор: 97
БИШКЕК: ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНАН ТУТАНГАН ӨРТТӨН 5 УНАА САКТАЛЫП КАЛДЫ
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлдү.
Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы №3 жана №2 өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.
Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жана 4 унаа толугу менен күйүп кетти.
Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР