Жаңылыктар

22.03.2024 13:05

   Кароолор: 883

БИШКЕК: СВЕРДЛОВ РАЙОНУНДА 3 ТУРАК ҮЙДҮН КОРООСУНА КИРГЕН СУУ ТАЗАЛАНУУДА

БИШКЕК: СВЕРДЛОВ РАЙОНУНДА 3 ТУРАК ҮЙДҮН КОРООСУНА КИРГЕН СУУ ТАЗАЛАНУУДА

 

Нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдан улам 22-март күнү, саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын  Свердлов районунун Ибраимов  көчөсүндөгү  2   турак үйдүн короосун, 1 турак  үйдүн  жер төлөөсүн жана короосун суу  каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери  1  мотопомпа, Свердлов муниципалдык администрациясынын жетекчилиги тарабынан 5 кызматкер,  "Бишкек жашыл чарба" ишканасынан 6 кызматкер жана 1  Хово тартылып, Ибраимова көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короосуна кирген суулар сордурулуп, көчө тазаланууда.
Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу