Жаңылыктар
07.09.2023 17:50
Кароолор: 620076
Бишкек шаарынын ЖК кызматтары командалык штабдык машыгууга катышууда
“Жарандык коргонуунун 2023-жылга даярдык планынын” негизинде Жарандык коргонуу тутумдарынын абалын баалоо жана текшерүү талаптарына ылайык үстүбүздөгү жылдын 6-8-сентябрында борбор калаада ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы командалык штабдык машыгууга катышууда.
«Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана катталганда жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык, тармактык, тутумчаларынын башкаруу органдарынын күч жана каражаттарынын аракеттери” аталышында өтүп жаткан машыгуу шаардын Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өтүүдө.
Сценарийге ылайык, аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан-чаачын көп жаагандыктан сел жүрүү, үшүк жүрүү, катуу шамал, дарыя сууларынын деңгээли көтөрүлүүсү жана башка табигый кырдаалдын өзгөрүүсүнө кабылган Ысык-Көлдүн элине жардам берүүнү уюштуруу каралган.
Аталаган машыгууда Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана ӨК жаралганда аткара турган иш-аракеттери аныкталды. Калкка ар тараптуу жардам берүү, эвакуациялоо, медициналык жардам көрсөтүү, документтик иш-кагаздары кандай аткарылаары, энергетика жана башка тутумдардын аткарчу иштери, техникалары бааланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР