Жаңылыктар

17.10.2024 13:17

   Кароолор: 822

БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНУУДА

16-18-октябрга чейин Бишкек шаарынын жарандык коргонуу абалы бааланат.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынан түзүлгөн атайы комиссия тарабынан пландын негизинде текшерүү жүрүүдө.

Ага ылайык өзгөчө кырдаал учурунда, согуш жана тынчтык мезгилиндеги Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруу, иш-мерчемдерин текшерүү, шаардык жана райондук жетекчилик курамын Жарандык коргонууга даярдоо, күч каражаттардын даярдыгы ж.б. бир катар талаптар боюнча бааланат.

Жалпы үч күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппараты, администрациялык райондору, түзүмдүк бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү, шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, мекемелери, уюмдары, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакокомиссиялары, муниципалдык аймактык башкармалыктары, Жарандык коргонуу түзүмдөрү жана билим берүү мекемелери жогорудагы талаптар боюнча бааланат.

Белгилей кетсек, мындай жарандык коргонуунун абалын балоо Президент С.Н. Жапаровдун “2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде жыл сайын облус, шаар, райондордо жана ири стратегиялык обьекттерде жүргүзүлүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу