Жаңылыктар

21.10.2024 12:55

   Кароолор: 268

БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНДЫ

16-18-октябрга чейин Бишкек шаарынын жарандык коргонуу абалы бааланды.

Жалпы үч күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппараты, администрациялык райондору, түзүмдүк бөлүмдөрү, муниципалдык ишканалары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү, шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, мекемелери, уюмдары, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары, эвакокомиссиялары, муниципалдык аймактык башкармалыктары, Жарандык коргонуу түзүмдөрү жана билим берүү мекемелери белгиленген талаптар боюнча бааланды.

Мындан сырткары Бишкек шаардык ЖЭБ (ТЭЦ), “Кока-Кола” – Бишкек – Ботлерс” ЖАК, “Кыргызавтомаш” ААК унаа куруучу заводу, “Бишкексүт” АК, “Шоро” ЖАК, “Арпа” ЖАК ошондой эле “Ош базар”, “Орто-Сай”, “Аламедин”, “Дордой” өңдүү 14 базар текшерилди.

Ага ылайык өзгөчө кырдаал учурунда, согуш жана тынчтык мезгилиндеги Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруу, иш-мерчемдерин текшерүү, шаардык жана райондук жетекчилик курамын Жарандык коргонууга даярдоо, күч каражаттардын даярдыгы ж.б. бир катар талаптар боюнча бааланды.

Текшерүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынан түзүлгөн атайы комиссия тарабынан пландын негизинде жүрдү.

Жыйынтыгында алдын ала берилген баа боюнча Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу абалы өз милдеттерин аткарууга чектелүү даяр деп бааланууда. Ал эми Жарандык коргонуу абалына так баа комиссиянын жана ортомчулар аппаратынын маалымат баяндамаларынын жыйынтыгы менен 10 күн аралыгында чыгарылат.

Белгилей кетсек, мындай жарандык коргонуунун абалын баалоо Президент С.Н. Жапаровдун “2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде жыл сайын республикалык деңгээлде өтүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу