Жаңылыктар

11.06.2026 11:15

   Кароолор: 123

БИШКЕК ШААРЫНДА КАТТАЛГАН КАТУУ ШАМАЛДЫН КЕСЕПЕТТЕРИ АНЫКТЫЛДЫ

Бишкек шаарынын аймагында кечээ, 10-июнь күнү катталган катуу шамалдын кесепетинен  жалпы 37 бак кулап, 1 көп кабаттуу үйдүн, 1 турак үйдүн жалпы аянттары 20 чарчы метрди түзгөн чатырларын, 1 кампанын 4 чарчы метр чатырын учурган жана 3 унаа жабыркаган.

Кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, "Бишкекжашылкурулуш" ишканасынан жана жергиликтүү бийлик органдарынан кызматкерлер, күч каражаттар тартылып, жеринде ыкчам аракеттерин көрүштү.

Кыргызгидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-24 метрге жеткен. Каза болгон жана жабыркаган жарандар катталган жок.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал катталары тууралуу алдын ала шашылыш билдирүүлөрдү таратып, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертип келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу