Жаңылыктар
18.08.2023 16:33
Кароолор: 585990
Бишкек шаарында 3 күжүрмөн эсеп тартылган өрт чектөөгө алынды
Бүгүн, 18-августта таң эрте Бишкек шаарынын Ленин районундагы Муромская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 7:17де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, андан соң Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.Буга кошумча саат 7:41де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1,саат 7:44тө штаб жөнөтүлгөн.
Жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 8:13тө чектөөгө алынды Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.