Жаңылыктар
18.06.2024 15:42
Кароолор: 381
БИШКЕК: САРАЙДАН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан чыккан өрт саат 15:36да толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоого 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, иске ууланган бир жаран куткарылган.
Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам батирден эвакуацияланган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР