Жаңылыктар

04.10.2023 13:09

   Кароолор: 498

Бишкек: Салтка айланган салтанаттуу саамалык

БИШКЕК: САЛТКА АЙЛАНГАН САЛТАНАТТУУ СААМАЛЫК

КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН БИРГЕЛИКТЕ АЗАЙТАБЫЗ!

 

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы "5-октябрь Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата жарыяланган бир айлыктын жыйынтыктоочу салтанатуу иш-чарасын өткөрдү.

Борбор калаанын Т. Усубалиев атындагы эски аянтта өткөн иш-чара ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы, Куткаруу кызматы жана Бишкек шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын, мектеп окуучуларынын, БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) катышуусундагы жүрүш менен башталып, сценарийдин негизиндеги куткаруу, өрт өчүрүү иш аракети практикалык негизде көрсөтүлдү.

Ошондой эле буга чейин өткөн шаардык деңгээлдеги "Жаш куткаруучу" сынагынын жеңүүчүлөрү медаль, грамота жана баалуу белектер менен ал эми Бишкек шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү, иш-чарага активдүү катышкан студенттер башкармалыктын ардак грамоталар менен сыйланышты.

Салтка айланган саамалыкты Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскердик оркестри, кыргыз эстрада жылдыздары жана бийчилер көркүн ачып, соңунда асманга салют атылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу