Жаңылыктар
29.09.2023 16:24
Кароолор: 1071
Бишкек: “Ростнефть- Кыргызнефтепродукт" компаниясында машыгуу өттү
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы “Ростнефть- Кыргызнефтепродукт” компаниясынын күйүүчү май куючу станциясында өрт тактикалык машыгуу өткөрдү.
Машыгууга Биринчи Май райондук № 4 ӨККБдан жана №8 АӨККБтөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, май куюучу бекеттин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү. Анда сценарийдин негизинде аталган жайда келип чыккан өрттү өчүрүүдөгү туура кадамдар, кызматкерлерди эвакуациялоо, тилсиз жоонун жалынын чектеп калуудагы иш-аракеттер практика жүзүндө көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, «РН-Кыргызнефтепродукт» компаниясы Кыргызстандын мунай продуктыларынын чекене жана дүң рыногундагы ири операторлордун бири. Ошондой эле эң ири жана заманбап мунай өндүрүүчүлөрдүн бири.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР