Жаңылыктар

22.10.2025 09:33

   Кароолор: 37

БИШКЕК: РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУНУН АЛГАЧКЫ КҮНҮ БАШТАЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында КР Президенти – Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 22-24-октябрь күндөрү өткөрүүчү республикалык команда-штабдык машыгуунун алгачкы күнү башталды.

Жер титирөө кырсыгы катталган учурда жергиликтүү бийлик органдарынын Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, кызматтарынын жана уюмдардын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча иш аракеттерин уюштуруу, тартылган кол алдындагы күчтөрдү жана каражаттарды башкаруу, жабыркаган калкты коопсуз жайга жайгаштыруу жана аларды ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртуу максатында өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов, министрдин орун басары Эрнест Жусупов баштаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, күч түзүмдөрү жана Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Бул машыгуу Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болгондуктан, аталган машыгуу – Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.

Генерал-майор Урматбек Шамырканов белгилегендей, бүгүнкү күндө өзгөчө Бишкек шаары үчүн, жер титирөө коркунучу – реалдуу жана өтө кооптуу факторлордун бири болуп эсептелет.

Сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймакта жайгашкан борбор калаабызда, калктын өтө жыш жайгашуусу, эскирген көп кабаттуу үйлөр жана инженердик тармактардын начар абалы – жер титирөө учурунда олуттуу адамдык же кайтарымсыз жана материалдык жоготууларга алып келүү коркунучун жаратууда.

“Тилекке каршы, акыркы жылдары борбор калаабызда курулуштардын сапаты, өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдүн жана бизнес борборлорунун сейсмикалык коопсуздугу боюнча талаптардын сакталбаган учурлары катталууда. Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк – жогорку деңгээлде даяр болуусу учурдун талабы”, - деди генерал-майор.

Мындан улам табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда биргелешкен иш аракеттердин мааниси чоң экени белгиленди.

Кошумчалай кетсек, 23-октябрда теориялык окутуу, 24-октябрда ЖЭБ-2де практикалык машыгуу болот. Анда Жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттары, атайы унаалар, тик учак тартылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу