Жаңылыктар

17.04.2024 17:07

   Кароолор: 125

“БИШКЕК ПАРК” СООДА БОРБОРУНДА ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Бүгүн, 17-апрель күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан пландан сырткары “Бишкек Парк” соода борборунда "Жер титирөө учурунда кызматкерлердин кыймыл-аракеттери" аталышында штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун алкагында атайын сценарийге ылайык, борбор калаада жер титирөө катталып, анын ичинен “Бишкек Парк” соода борбордун 350 кызматкери жана кардарлары коопсуз жайга эвакуацияланып, анда имараттын ичинен жабыркаган 3 жаранга Биринчи май райондук жарандык коргонуунун медицина кызматы тарабынан алгачкы жардам көргөзүлдү.

Мындан сырткары машыгууда атайы сценарийдин негизинде имаратта 2 жерден өрт чыгып, 1 өрт кырсыгы соода борбордун ыктыярдуу өрт өчүрүү кошууну тарабынан ал эми 2-жердеги өрт Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №4 Өрткө-каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тарабынан өчүрүлдү.

Ошондой эле ӨКМдин адистери жер титирөө учурундагы коопсуздук эрежелерди сактоо менен кырсык учурунда кандай аракеттерди көрүү керек, туура эвакуациялоо жолдору, алгачкы жардам көрсөтүү жана өрт коопсуздук эрежелерин практика жүзүндө көрсөтүштү.

Машыгууга райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана 1 бирдик өрт өчүрүүчү унаасы, 1 автошаты менен 1 күжүрмөн эсеп ошондой эле жарандык коргонуунун медицина кызматы, коомдук тартипти сактоо кызматынын 2 бирдик атайын унаасы менен 10 кызматкери катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу