Жаңылыктар
22.01.2025 21:31
Кароолор: 273
БИШКЕК - ОШ ЖОЛУНДА ЖҮРГҮНЧҮЛӨРГӨ ЖЫЛЫНУУЧУ ЖАЙ УЮШТУРУЛДУ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунда кар көчкүгө байланышкан абалдан улам токтоп турган айдоочу жана жүргүнчүлөргө ысык чай жана жылынуучу пункт уюштурулду.
Куткаруучулардын мындай иш аракеттерине жарандар ыраазычылык билдирүүдө.
Ушул тапта аталган унаа жолдун 132-чакырымы кар көчкү тазаланды. "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Ал эми жеңил унаалар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР