Жаңылыктар
12.03.2025 17:12
Кароолор: 87
БИШКЕК - ОШ ЖОЛУНДА 214 МИҢ ЧАРЧЫ МЕТР КАР КӨЧКҮ ТҮШҮРҮЛДҮ
Бүгүн Бишкек - Ош унаа жолунун 222-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) кар көчкүлөрдү аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлдү.
Натыйжада көлөмү 214137 чарчы метр кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен жок. Эртең кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иштери Чүй облусунун аймагындагы Бишкек - Ош унаа жолунун 238-чакырымында улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР