Жаңылыктар

16.10.2024 13:21

   Кароолор: 832

БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНУН ТЫГЫН БОЛГОН ЖЕРЛЕРИ ЭКИ ТАРАПТУУ АЧЫЛЫП, УЧУРДА "СОСНАВКА", "АРАЛ" ЖАНА "ТАЛДЫ-БУЛАК" ӨТКӨРҮҮ ПОСТТОРУ ЖАБЫК

Саат 13:00гө карата

Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жөнгө салынып, учурда унаалар эки тараптуу жүрүп баштады. Ошондой эле унаа жолдун боюнда туруп калган айрым оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө ӨКМдин куткаруучулары көмөктөшүүдө.

Ал эми "Сосновка", "Арал" жана "Талды-Булак" өткөрмө жайларында унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алына элек жана аталган посттордо ысык тамак уюштурулган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу