Жаңылыктар
28.10.2024 11:17
Кароолор: 693
БИШКЕК – ОШ УНАА ЖОЛУНУН ТӨӨ-АШУУ АШУУСУНДА ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Жол тыгыны катталган жок. Саат 12:00 карата кошумча маалымат берилет.
Бүгүн таңкы саат 6:40ка карата, Бишкек - Ош унаа жолунун ашууларында кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында тиешелүү чаралар көрүлдү.
Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда №9 жол тейлөө ишканасынан 12 жолчу, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал жана ИИМден 3 кызматкер иш алып барууда.
Ошондой эле Ала-Бел ашуусунда №23 ЖТИден 12 кызматкер, 2 самосвал, 1 грейдер менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда №36 жол тейлөө ишканасынан 3 кызматкер, 1 унимог кар күрөгүч менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Мындан сырткары Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда №960 ЖТИден 5 кызматкер, 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 самосвал иштеп жатат. Талдык ашуусунда болсо, 3 кызматкер жана 1 грейдер карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР