Жаңылыктар

29.10.2024 11:16

   Кароолор: 605

БИШКЕК – ОШ УНАА ЖОЛУНУН «АРАЛ» ПОСТУНДА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек – Ош унаа жолундагы “Арал” постунда унааларга коюлган чектөө саат 9:10до алынды.

Белгилдей кетсек, кечээ Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө жана Жайыл районунун "Сосновка" постунда күйүүчү май ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу