Жаңылыктар

24.10.2024 10:01

   Кароолор: 586

БИШКЕК – ОШ УНАА ЖОЛУНДАГЫ КЫРСЫК ЖАНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДА НАТЫЙЖАЛУУ КООРДИНАЦИЯЛОО БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында 2024-2025-жылдын күз-кыш жана кыш-жаз айында өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек – Ош унаа жолунда мүмкүн болуучу табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюудагы даярдык боюнча жыйын өттү.

Жыйында унаа жолунда кандай кырсык жана кырдаал болбосун түздөн-түз кечиктирилгис иш-аракеттерди жүргүзүүчү үч министрликтин өкүлдөрү катышты. Тагырагы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Координациялык кеңешмеде КР Жарандык коргонуу мыйзамы жөнүндө жана үстүбүздөгү жылдын 15-16-октябрь күндөрү Бишкек – Ош унаа жолу Төө-Ашуу ашуусундагы жол тыгынында аткарылган жумуштар талкууланды. Мындан сырткары унаа жолдорундагы жол кырсыгы, тыгын учурунда ага катар таш кулоо, кар көчкү өндүү табигый кырсыктарда тиешелүү министрлик, Жарандык коргонуу кызматтарынын ишин жакшыртуу, кемчиликтерди жоюу маселелери талкууланды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов кеңешменин катышуучуларына кандай кыйынчылык болбосун эң башкысы адам өмүрү бийик турарын баса белгилеп, унаа жолунда ыкчам иш-аракеттерди уюштурууда шарттарды түзүү талаптарын койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу