Жаңылыктар

09.02.2024 19:16

   Кароолор: 156

БИШКЕК– ОШ УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

Бишкек–Ош унаа жолдун 132-135 жана 198-255- чакырымында жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.

Алсак, 8-9-февраль күндөрү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 222, 227, 231, 247, 250 жана 255 чакырымында жалпы көлөмү 385миң370 м3 кар көчкү атайылап түшүрүлдү. Унаа жолго жеткени 986 м3 болгон.

Белгилей кетсек, ӨКМдин адистеринин ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшурүү иштерин алып барууда.

Эртең Чүй облусуна караштуу жол тилкелеринде кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери улантылат.

Урматтуу айдоочу жана жүргүнчүлөр! Унаадагы абал боюнча же кырсык катталганда “112” номерине байланышыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу