Жаңылыктар

19.03.2024 09:35

   Кароолор: 738

БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП АТЫП ТҮШҮРҮҮ ИШТЕРИ АЯКТАДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 18-март күнү Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар төмөнкү тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери аяктады. Алар:

- 198- чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) 1260 м3 кар көчкү түшүп, анын көлөмү 663 м3 жолго жетип, тазаланган;

- ⁠133-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;

- ⁠135-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси)да кар көчкү түшкөн эмес;

- ⁠129-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) көчкү түшкөн эмес;

- ⁠121-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) да кар көчкү түшкөн эмес;

Кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иштери аяктаганына байланыштуу ӨКМдин ыкчам тобу менен Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби туруктуу ордуларына кайтышты.

Эскерте кетсек, кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иштери Чүй облусунун аймагында жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу