Жаңылыктар
18.03.2024 09:28
Кароолор: 407
БИШКЕК — ОШ УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮЛӨР МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮЛӨТ
2024-жылдын 17-март күнү Жалал-Абад облусунда Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар төмөнкү тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен жумуш жүргүзүлдү. Алар:
- 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;
- 227-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 46910м3 кар көчкү;
- 222-чакырымында (Ала-Бел тилкеси) 8820м3 жалпы көлөмү 161 130м3 кар көчкү түшүрүлгөн.
Түшкөн кар көчкүлөр унаа жолго жеткен эмес.
Бүгүн, 18-март күнү ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Бишкек — Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагында кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү ишин жүргүзүшөт.
Урматтуу жарандар! Кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө унаа жолдо маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.
Мындан улам жарандарды абалды туура түшүнүү менен кабыл алууну жана сак болууну чакырабыз.
Унаа жолдогу абалды билүү үчүн жана кырсык катталганда "112" номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР