Жаңылыктар

11.01.2024 14:10

   Кароолор: 1224

БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНДА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

 

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 11-январынан 12-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашууда 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

✅УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР ЖАНА ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл. Алыскы жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөкчө, дары-дармек топтомун жана гүл-азык алууну унутпаңыз.

Эгерде сиз өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу