Жаңылыктар

24.01.2025 01:40

   Кароолор: 779

БИШКЕК: ӨРТТҮН КЕСЕПЕТИНЕН ҮЙДҮН 220 ЧАРЧЫ МЕТР АЯНТЫ КҮЙҮП КЕТТИ

Кечээ, 23-январда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламүдүн-1 кичи районунда турак үйдөн чыккан өрт 24-январга караган түнү саат 01:28де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 220 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 22:16дан баштап, 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жеринде өрт өчүрүү иш аракеттерин жүргүзүштү. Саат 23:14тө чектөөгө алынып, 01:28де толук өчүрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу