Жаңылыктар
06.11.2025 20:27
Кароолор: 7
БИШКЕК: ӨРТ ТОЛУК ӨЧТҮ
Бишкек шаарынын Октябрь районунда бүгүн, 6-ноябрь күнү алдын ала маалымат боюнча, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эски имаратта чыккан өрт саат 18:07де чектөөгө алынып, саат 20:09да толук өчүрүлдү.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 17:13төн тарта жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жерине барып, ыкчам аракеттерин көрүштү.
КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 700 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР