Жаңылыктар
14.11.2024 14:10
Кароолор: 233
БИШКЕК: ӨРТ ТИЛКЕСИНДЕГИ ПСИХОЛОГИЯЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн, 2024-жылдын 14-ноябрында башкармалыктын планына ылайык, Бишкек шаарындагы №3 өрт-куткаруу бөлүгүнүн базасында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун максаты өрт өчүрүүчү-куткаруучуларды ар кандай татаалдыктагы өрткө жана экстремалдык кырдаалдарга даярдоо, өрт өчүрүүчүнүн даярдыгынын деңгээлин аныктоого жардам берет.
Бишкекте жылына 1000ден ашык өрт кырсыгы катталат. Өрттүн көпчүлүгү өчүрүүгө татаалдыгы менен болот.
Мындай машыгуулар, тактап айтканда, Бишкектеги өрттү тоскоолдуктар менен өтүү тилкеси боюнча машыгуу жылына эки жолу өткөрүлөт.
Өрт тилкесиндеги психологиялык машыгуу - бул өрт учурундагы реалдуу шарттарга мүмкүн болушунча жакын болгон объектилердин жана тоскоолдуктардын комплекси.
Мындай машыгуулар өрт өчүрүүчүлөрдүн ар кандай өрт кырсыгындагы тобокелдиктерге жана коркунучтарга эмоционалдык туруктуулугун, кайраттуулугун жана чыдамкайлыгынын бекемделишине чоң өбөлгө түзөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР