Жаңылыктар

31.10.2023 13:51

   Кароолор: 979

БИШКЕК: ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫНООДОН ӨТКӨРГӨН МАШЫГУУ ӨТТҮ

Бүгүн Бишкектин Свердлов районунун Осмонкул көчөсүндө жайгашкан аянтчада өрт өчүрүүчүлөрдүн өрттүн жалынына кирүүдөгү психикалык даярдыгын сыноодон өткөргөн атайы машыгуу өттү.

Машыгууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өрт куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчүлөрү жана Инновациялык кесиптер институтунун өрт коопсуздук кафедрасынын студенттери катышты.

Анда өрт өчүрүүчүлөрдүн кырсык учурунда өзүн эрежеге ылайык туура алып жүрүүсү, коюу кара түтүн каптаган учурда жолду таба билүүсү, жалындаган өрттөн коркпостон өзүн башкара билип, психикалык туруктуулугун арттыруу жана ден соолугунун абалын баалоо максатында өттү.

Бул машыгууда өзгөчө басым өрт өчүрүүчү катары жаңы ишке орношуп, тажрыйбасы аз кызматкерлерге жасалды. Аларга адистер татаал шартта түтүнгө ууланып калбоо, туура дем алуу менен өзүн сактай билүүнү үйрөтүштү. Ошондой эле институттун студенттери үчүн практика жүзүндө тилсиз жоо менен күрөшүүдө кооптуу учурда өзүн алып жүрүү эрежелери көрсөтүлдү.

Өрт тилке талаасындагы машыгуу Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулунун жетекчилиги астында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек мындай иш чара жылыны 2 ирет өткөрүлүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу