Жаңылыктар

06.02.2024 11:37

   Кароолор: 585

БИШКЕК: ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛАБЫЗ

ӨКМдин кызматкерлери тарабынан борбор калаанын социалдык мекемелеринде жана эл көп чогулган жерлерде өрт кырсыгынын алдын алуу максатында өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иши жигердүү жүрүүдө.

Алсак ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Ак-Бата жаны конушунда жайгашкан №43 толук эмес орто мектебинин окуучуларына жана мугалимдерине өрт кырсыгы катталган учурда биринчи колдонулуучу өрт өчүрүү шаймандарын колдонууну үйрөтүшүп, “101” (өрт кызматы) же “112” кызматтардын бирдиктүү байланыш номерин эскертешти. Ошондой эле жер титирөө катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча эрежелери жеткирилди.

Ал эми Ленин району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү шаардагы “Intellect School” жеке мектебинин окуучуларына жана Доскредобанктын кызматкерлерине өрт коопсуздугу, ар кандай өзгөчө кырдаалдар катталган учурундагы иш аракеттер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле башкармалыктын Биринчи май райондук ӨК тарабынан " Каiros" dental clinic ЖЧКнын дарыгерлерине да жогорудагыдай түшүндүрүү иши жүрдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу