Жаңылыктар

27.12.2023 11:02

   Кароолор: 279

БИШКЕК: ӨРТ КООПСУЗДУГУ ӨЗ КООПСУЗДУГУҢУЗ ҮЧҮН

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан “Дордой” базарында адам өмүрүнө кооптуулук жараткан пиротехникалык буюмдардын коопсуздук эржелери текшерилип, аны менен катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жаңы жылдын жакындашы менен жарандар пиротехникалык буюмдарды, аттыруучу заттардын түрүн колдоно баштайт. Аны туура колдонуу эрежелерин сактабагандыктан, ар кандай кырсыктар орун алып жатканы анык. Мындай кырсыктарды алдын алуу максатында пиротехникалык буюмдарды колдонуудагы жана аны сатуудагы коопсуздук эрежелери текшерилди.

Түшүндүрүү иштери ӨКМдин Өрт коопсуздук кызматынын башкы инспектору, ИИМдин, жергиликтүү акимиаттын жана ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүрдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу