Жаңылыктар

19.01.2025 12:08

   Кароолор: 308

БИШКЕК: ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Бишкек шаарынын Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт саат 12:00дө чектөөгө алынды.

Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Октябрь райондук N5 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу