Жаңылыктар
27.03.2025 17:49
Кароолор: 85
БИШКЕК: ООРУКАНАДА ТҮНКҮ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери түнкү өрт-тактикалык машыгууну борбор калаадагы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Э.Х.Акрамов атындагы №3 шаардык клиникалык ооруканасында өткөрүштү.
Машыгуунун максаты – өздүк курамдын өрт кырсыгындагы күжүрмөн даярдыгын чеберчилигин жогорулатуу, дарыгерлер менен даарылануучуларга ар кандай кырсыктарда өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүү жана аны ишке ашыруу.
Машыгуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулунун жетекчилигинде өттү.
Жалпы машыгууга 1 күжүрмөн эсеп, автошаты жана Куткаруу кызматынын унаасы тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР