Жаңылыктар

19.11.2024 15:39

   Кароолор: 316

БИШКЕК: ОКУУЧУЛАРДЫН КАТЫШУУСУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 2024-жылга бекитилген планына ылайык Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары борбор калаадагы №83 жалпы билим берүү орто мектебинде бүгүн, 19-ноябрда Жарандык коргонуу күнүн өткөрүштү.

Анда мектеп мугалимдерине жана окуучуларына “Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү” деген темада лекция окулуп, видео роликтер көрсөтүлдү. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн жана жакындарын коргоонун ыкмалары, өрт кырсыгы катталган учурда алгачкы чараларды колдонуу, имараттын ичинен элди эвакуациялоо, алдын ала эскертүүлөргө көңүл буруп иш жүзүндө аткаруу жана башка пайдалуу кеңештер берилди.

Иш-чарага жалпы 30 мугалим, 605 окуучу катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу