Жаңылыктар
10.01.2025 20:52
Кароолор: 140
БИШКЕК – НАРЫН – ТОРУГАРТ ЖОЛУНДАГЫ ӨРТТӨН 6 УНАА КҮЙҮП, 2 УНАА САКТАЛЫП КАЛДЫ
Ысык-Көл облусундагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда бүгүн унааларды ташып келе жаткан оор жүк ташуучу авто унаасынан (Фура) чыккан өрттөн Тойота Corolla үлгүсүндөгү 5 жеңил авто унаа жана “Фура” күйүп, DI AiDi үлгүсүндөгү 2 унаа сакталып калды.
Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 9 өрт өчүрүүчү тартылып, өрттү өчүрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышты. Куткаруучулар менен жол көзөмөлүнүн кызматкерлери да бирге болду.
Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР