Жаңылыктар

10.01.2025 12:50

   Кароолор: 847

БИШКЕК - НАРЫН - ТОРУГАРТ ЖОЛУНДА УНАА ТАШУУЧУ АВТОУНААДАН ӨРТ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 10-январь күнү саат 11:02де Тоң районуна караштуу Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу