Жаңылыктар
28.10.2023 10:36
Кароолор: 689
БИШКЕК: МЭРДИН КУБОГУ ҮЧҮН ӨТҮП ЖАТКАН МЕЛДЕШТЕ КУТКАРУУЧУЛАР 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын мэринин кубогу үчүн өтүп жаткан мелдеште, аркан тартыш боюнча 1-орунду багындырышты.
Спорттун аталган түрүндө жалпы 6 команда күч сынашып, куткаруучулар күчтүүлүгүн жана мыктылыгын көрсөтө алышты.
Маалым болгондой ушу тапта Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн спорттук иш-чара өтүүдө. Мелдеште командалар футбол, аркан тартыш, дартс, волейбол, стол тенниси, шахмат, бильярд, сууда сүзүү боюнча катышууда.
Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан ар бир багыт боюнча командалар катышып, мыктылыгын көрсөтүүдө.
Алсак, волейбол жана кичи футбол боюнча финалга жолдомо алышкан. Спорттук иш-чара 7-октябрдан 4-ноябрга чейин өтөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР