Жаңылыктар
27.02.2024 11:48
Кароолор: 634
БИШКЕК: МЕКТЕПТЕ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КҮНҮ ӨТТҮ
Бүгүн, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун кызматкерлери тарабынан №93 жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлдү.
Окуучуларга жана мугалимдерге өзгөчө кырдаал жана түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери тууралуу маалымат берилип, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен колдонуу эрежелери практикалык негизде үйрөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө имараттан окуучулар эвакуцияланып, жалпы 845 окуучу жана мугалимдер катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР