Жаңылыктар

06.04.2025 14:20

   Кароолор: 972

БИШКЕК: МАҢКА-ЖАР СЕЛ ТОСМОСУНА ТОЛГОН СУУНУ СОРДУРУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, 6-апрель күнү Ленин районунда жайгашкан Маңка-Жар коктусундагы экинчи сел тосмодо кечээ, 5-апрель күнү жааган жамгырдын кесепетинен суу толуп калган.

Учурда суунун көлөмүн азайтуу максатында сууну сордуруу иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин району боюнча ӨКБнүн кызматкерлери нива менен сүйрөтмө мотопомпа менен иш алып барууда. Аталган сел тосмого МАБ кызматы тарабынан 2 кызматкер тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу