Жаңылыктар

19.04.2024 11:42

   Кароолор: 196

БИШКЕК: МАҢКА-ЖАР СЕЛ ТОСМОСУНА ТОЛГОН СУУНУ СОРДУРУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Маңка-Жар коктусундагы сел тосмосунда 15-16 апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам толуп калган сууну сордуруу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле жогорку сел тосмонун 130м тазаланып, 1550м3 топурак чыгарылды.

Ал эми төмөнкү сел тосмодон болжол менен 500м3 топурак чыгарылып, төгүлгөн топуракты жүктөгүч менен тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жеринде ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кызматынын 4 кызматкери жана 3 техникасы Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу