Жаңылыктар
04.10.2024 11:30
Кароолор: 773
БИШКЕК: “МАҢКА-ЖАР” СЕЛ ТОСМОСУ ТАЗАЛАНЫП БҮТТҮ
Бишкек шаарынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Ленин районунун аймагындагы “Маңка-Жар” коктусунун сел тосмосунда тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Сел кырсыгынын алдын алуу максатында 19-сентябрдан 2-октябрга чейин сел тосмонун ичи тазаланып, болжол менен 2100 метр куб топурак казылып алынды.
Буга Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын атайын техникалары тартылып, тазалоо иштери толук бүткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР