Жаңылыктар
21.12.2023 15:37
Кароолор: 976
БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУГА КАТЫШЫШТЫ
Бүгүн, 21-декабрда Бишкек мамлекеттик университетинин аймагында өрт-тактикалык машыгуу өтүп, анын жүрүшүндө КР ӨКМдин жана аталган мекеменин кызматкерлери өрт кырсыгы жана студенттер менен университеттин окутуучуларын эвакуациялашты.
Бишкек гуманитардык университети эл коп чогулуучу окуу жай. Андыктан эвакуацияны уюштурууда туура иш-аракеттер, адамдарды эвакуациялоону так уюштуруу маанилүү. Негизги максат – өрт болгон учурда окутуучуларды, студенттерди кызматкерлерди эвакуациялоого даярдыгын, уюштуруу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле эмгекти коргоо эрежелеринин сакталышын текшерүү.
План боюнча өрт университеттин экинчи кабатында болгон. Окуу имараты түтүнгө толуп, өрт сигнализациясы иштеди. Окуу жайда массалык эвакуация жарыяланып, студенттер менен окутуучулар уюшкандыкта көчөгө чыгышты.
Белгилей кетсек, өрт тактикалык машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу өрттү анализдөө башкармалыгынын башчысы, полковник Бакыт Молдоисаевдин көзөмөлүндө өттү. Машыгуунун жүрүшүндө окуу жайдын короосунда өрт өчүрүүчүлөр өрт чыкканда биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү туура көрсөтүп, каалоочулар өрт өчүргүчтүн жардамы менен өрттү өздөрү өчүрүштү. Ошентип студенттер өрттү өчүрүүдө практикалык тажрыйба алуу менен бирге теориялык билимдерин бекемдей алышты.
Иш-чаранын соңунда өрт өчүрүүчүлөр университеттин бардык студенттерине жана окутуучуларына өрттүн келип чыгуу себептерин эскертип, өрт чыккан учурдагы аракеттерди көрүү эрежелерине өзгөчө көңүл бурушту. Мындан сырткары машыгуунун жүрүшүндө айтылган сын-пикирлер окуу жайдын өздүк курамы жана нөөмөт кызматтары менен талкууланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР