Жаңылыктар

19.12.2023 16:46

   Кароолор: 145910

БИШКЕК: МАЙ АЛМАШТЫРУУЧУ ЖАЙДАН ЧЫККАН ӨРТ ЖАКЫН ЖАЙГАШКАН ТУРАК ҮЙДҮ КАПТАГАН

Алдын ала маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Бишкекте унаанын майын алмаштыруучу жайдан чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Штабы тартылды. Тилсиз жоо саат 16:24дө чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн болжолдуу аянты 500чарчы метрди түзөт.

Мындан сырткары “Бишкексууканал” ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматынан 1, “Бишкекгаз” кызматынан 1, РЭТтен 1 бригада иш алып барууда.

Соңку маалымат боюнча, Бишкектин Ленин районунун К.Акиев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май алмаштыруучу жайынан чыккан өрт жакын жайгашкан Фрунзе көчөсүндөгү турак үйгө өтүп, үйдүн чатырынан өрт чыккан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР