Жаңылыктар

29.10.2023 10:32

   Кароолор: 900

БИШКЕК: КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШИ!

Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн өтүп жаткан спорттук мелдеште куткаруучулар кезектеги жеңиштин сүйүнүчүн тартуулашты. Анда спорттун волейбол түрү боюнча жалпы 8 команданын ичинен ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 3-орунду багындырышты.

Ал эми биринчи орунду Тазалык муниципалдык ишканасы, экинчи орунду "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы ээлеп, жеңичүүлөргө медаль, грамоталар жана кубок тапшырылды.

Ошентип жалпы эсеп менен куткаруучулардын куржунунда аркан тартыш жана волейболдон 21 медаль, 2 кубок бар. Ошондой эле саналуу сааттан кийин куткаруучулар спорттун сууда сүзүү түрү боюнча күч сынашат.

Маалым болгондой ушу тапта Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн спорттук иш-чара өтүүдө. Мелдеште командалар футбол, аркан тартыш, дартс, волейбол, стол тенниси, шахмат, бильярд, сууда сүзүү боюнча катышууда.

Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан ар бир багыт боюнча командалар катышып, мыктылыгын көрсөтүүдө.

Спорттук иш-чара 7-октябрдан 4-ноябрга чейин өтөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу