Жаңылыктар
28.09.2023 14:43
Кароолор: 273
Бишкек: Куткаруучулар футбол аянтчасында күч сынашууда
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгында кезектеги спорттук мелдеш старт алды.
Спорттук иш-чара 28-29-сентябрь күндөрү өтүп, футбол жана волейбол боюнча жалпы 6 команда биринчилик үчүн күч сынышат. Алар башкармалыкка караган Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондук өрт-куткаруу бөлүктөрү, башкармалыктын командасы жана Куткаруу кызматы.
Ал эми бүгүн спорттун футбол түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, күчтүүлөргө баалуу белектер тапшырылат.
Аталган иш-чара өлкөдө 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жана жалпы эле куткаруучулардын ден соолугун бекемдеп, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР