Жаңылыктар

26.02.2025 21:04

   Кароолор: 121

БИШКЕК: КУТКАРУУЧУЛАР ДАРЫГЕРЛЕРГЕ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТҮШҮНДҮРҮШТҮ

Бүгүн, 26-февраль күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Саламаттыкты сактоо министрлигинин Бишкек шаарындагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун структуралык түзүмүнүн медицина кызматкерлерине өрт кырсыктары катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелерин, өрт учурунда биринчи колдонуучу өрт шаймандарын туура колдонууну, эвакуациялоо жана 112 бирдиктүү номерине өз убагында чалып, катталган кырсык тууралуу так маалымат берүү жөнүндө нускама, лекциялар өткөрүлдү.

Жалпы 90 дарыгер катышкан лекцияда куткаруучулар өрт коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу