Жаңылыктар

11.01.2025 09:09

   Кароолор: 524

БИШКЕК: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ИРИ ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

Бүгүн, 11-январга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн электр калканынан чыккан өрт саат 08:42де толугу менен өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан Биринчи Май жана Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 5 күжүрмөн эсеп, 3 автошаты жана штаб тартылды. Мындан тышкары Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу бирге иш алып барды.

13 кабаттуу турак үйдүн 13-кабатынан чыккан өрт үйдүн чатырына чейин жайылган. Бир подъездин жашоочулары толугу менен эвакуацияланган жана жабыркагандар катталган жок. Өртүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түздү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу