Жаңылыктар

27.10.2023 13:24

   Кароолор: 488

БИШКЕК: КӨП КАБАТТУУ ТУРАК ҮЙДӨГҮ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

Бишкектин Свердлов районунун алдын ала маалымат боюнча Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батирден өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:59да Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:05те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, саат 12:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

✅️Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан батирдин ичинен 2 жаш баланы аман-эсен куткарып чыгып ошондой эле башка батирлерден жалпы 8 адам эвакуацияланган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу