Жаңылыктар
06.12.2023 09:30
Кароолор: 527
БИШКЕК: КИЙИМ ТИГҮҮЧҮ ЦЕХТЕ ӨРТ ЧЫКТЫ
Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Келечек конушунда кийим тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 07:32де чектөөгө алынды.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүн таңга маал Келечек конушунда кийим тигүүчү цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 05:50дө Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1, кошумча саат 05:56да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, кошумча саат 06:04тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР