Жаңылыктар
29.09.2023 10:02
Кароолор: 375
Бишкек: Футбол жана волейболдо мыктылар аныкталды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгында кезектеги спорттук мелдеш аяктап, анда футбол жана волейбол боюнча жалпы 6 команда күч сынашты.
Спорттук иш-чара 28-29-сентябрь күндөрү өтүп, башкармалыкка караган Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана өрт куткаруу бөлүктөрүнүн, башкармалыктын командалары жана Куткаруу кызматы катышты.
Соңунда футбол боюнча:
1-орунду Свердлов райондук өзгөчөчө кырдаалдар бөлүмү;
2-орун – Октябрь райондук ӨКБ;
3-орун – Ленин райондук ӨКБ ээледи.
Ал эми волейбол боюнча:
1-орун – Бишкек шаардык башкармалыгынын аппараты;
2-орун – Октябрь райондук ӨКБ;
3-орун – Ленин райондук ӨКБнын командасы багындырды.
Аталган иш-чара өлкөдө 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жана жалпы эле куткаруучулардын ден соолугун бекемдеп, сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР